20:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Текебаевдин соту. Абдырахмановдун аялын калпы үчүн жоопко тартуу сунушталды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун аялын калп көрсөтмө бергендиги үчүн жоопко тартууну Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сотто сунуштады.

Биринчи май райондук сотунда бүгүн Канат Абутанов көрсөтмө берди. Ал Бишкектин райондор аралык сотунун төрайымынын уулу. Канат Абутановдун айтымында, 2010-жылы ал жумушсуз болчу жана Раушан Рыкунованын ар кандай тапшырмаларын аткарып жүргөн. 

Ал Раушан Рыкунованын көрсөтмөсү менен Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун аялы Быйыл Айдакеева менен жолугушканын ырастады. 

«Рыкунова Айдакеева аркылуу Өмүрбек Абдырахманов менен жолугушкусу келген. Анткени, Абдырахманов ал кезде MegaCom боюнча депутаттык топту жетектеген. Бирок, анда 1 миллион доллар боюнча сөз болгон эмес. Бул калп», — деди Канат Абутанов.

Эскерте кетсек, Быйыл Айдакеева тергөөгө берген көрсөтмөсүндө, Канат Абутанов аркылуу  Раушан Рыкунова 1 миллион доллар сунуштаганын, ал акчаны россиялык ишкерлер берип жатканын айткан. 

Өмүрбек Текебаев Абдырахмановду аялы менен кошо жоопко тартуу керектигин билдирди.

Сотто прокуратура күбөлөрдү суроону токтотуп, ишти иликтөөгө өтүүнү суранды. Сот күбөлөр келбеген күнү ишти иликтөө жүрөрүн айтты. 

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. Экөөн тең УКМКнын абагында кармалууда. Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.
 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума