17:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Депутат ат-чабыш, улак тартышка короткон акчага мектеп курууну сунуштады

Депутат ат-чабыш, улак тартышка короткон акчага мектеп курууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал мырза депутаттардын аялдар жана балдарга байланыштуу суроолорго көңүл кош мамиле кыларын белгилеп, калыс болууга чакырды.

Жыйында мугалимдерге эмгек тажрыйбасына карата айлыгынын үстүнө акча кошуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан. Айрым депутаттар бул долбоорго өкмөттүн бүтүмү жок болгондуктан артка жөнөтүүнү сунушташты.

«Өткөндө аялдардын маселеси талкууланган жыйында эркектерден үчөө-төртөө гана калды. Эми өкмөттүн бүтүмү жок дейсиздер. Башка маселе болсо, өкмөттүн пикирине карабай кабыл аласыздар. Канча эркек мугалим болуп иштейт? Өтө аз» - деди Элвира Сурабалдиева.

Элвира Сурабалдиева депутат мырзаларды акчасын туура эмес чыгымдарына да кекетип өттү.

«Эртең эс алууда айылга барып, ат чабыш сыяктуу оюндарды баштайсыздар. Ошол акча мектеп курбайсыздарбы?» - деди ал.  

Эң көп окулган жаңылыктар