11:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Баласынын соттолгондугу алынгандан кийин эне «Батыр эне» наамына көрсөтүлө алат

Баласынын соттолгондугу алынгандан кийин эне «Батыр эне» наамына көрсөтүлө алат. Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик сыйлыктар» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүнү үчүнчү окууда колдоду.

Ага ылайык баласынын соттолгондугу алынгандан, же мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин эне «Баатыр эне» жана «Эне Даңкын» ала алат. Буга чейин балдарынын ичинен бирөөсү соттолгон болсо да наам берилбейт эле. 

Эскерте кетсек, «Эне Даңкы» беш, «Баатыр эне» жети бала төрөгөн апаларга берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар