20:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кадамжайда жергиликтүү тургундар менен милиция мушташты

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Ички иштер башкармалыгынын кызматккерлери менен жергиликтүү тургундар мушташты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Алардын айтымында, 27 жаштагы Исмаил уулу Кайрат жана 24 жаштагы Исмаил уулу Медер атасына болушуп, чатакташкан.

Окуя үч күн мурда болгон. 53 жаштагы Исмаил Жээнбаев менен милициянын кайым айтышы мушташка өткөн. Күбөлөрдүн айтымында, милиция Исмаил Жээнбаевди муунтуп баштаганда, коңшулар анын үйдөгү балдарын чакырышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлери сабалган. Кайрат жана Медер Исмаиловдор ошол эле күнү камалган.

Исмаил Жээнбаев ага кол көтөргөн милицияны жоопко тартуу талабы менен арыз жазды. «Башаламандык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кечээ жергиликтүү тургундар милицияны жазалоо талабы менен пикетке чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар