02:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек тургундары мечитте катуу айтылган азанга арызданышты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Фрунзе, Осмонкул, Сүйүмбай, Гоголь, Огонбаев жана Жумабек көчөлөрүнүн тургундары мечитте катуу айтылган азанга арызданышты. Алар бул тууралуу кайрылуусун муфтиятка, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, президенттин аппаратына жөнөтүштү. 

Шаардыктар 1-апрелде Махмуд Кашгари атындагы мечиттин ачылышы менен алардын уйкусу бузулгандыгын айтышат.  

«Терезе ачык кезинде азандын үнү 79 децибелге барабар. Жаш балдар гана эмес, чоңдор дагы чочуп ойгонот», — дешет.

Кайрылууга 62 үй-бүлөгө кол койгон. Алар кечки саат 23.00дөн жана 7.00гө чейинки тынчтыкты сактоого чакырат. 

Эң көп окулган жаңылыктар