Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чагылган түшүп күйүк алган адамдын абалы оор. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Мекеменин маалыматында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айылынын 22 жаштагы тургуну К.уулу У. Күрөбөз жайлоосунда кой-кайтарып жүргөн кезде чагылганга кабылган.
Жалал-Абад облустук оорууукананын даарыгерлеринин айтымында, анын денесинин 10 пайызы күйгөн.