14:57
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сотто милиция «24.kg» агентигинин журналистине кол көтөрдү

Биринчи май райондук сотунда милиция кызматкери «24.kg» агентигинин журналисти кол көтөрдү.

Наргиза Токоева сотко мурдакы депутат Садыр Жапаровдун талапкерлеринин ишин чагылдырууга барган.

Ал имаратка кирүүгө умтулган кезде Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери көкүрөккө урду. Наргиза Токоева кулап түштү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун талапкерлеринин соту ачык өтүп жаткан. Бирок, бүгүн гана ага журналисттерди киргизбей коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар