14:29
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ашхабаддын айрым банктары чет элдик валюта менен иш алып барууну токтотту

Ашхабаддын жашоочулару кеминде төрт банктын филиалынан чет элдик валютада акча ала албай жатышат. Бул тууралуу Түркмөнстандын маалымат каражаттары маалымдайт. Маалыматка караганда, күн сайын мамлекеттик банктардын алдында 50–60 киши кезекке турууда. Алардын арасында чет өлкөдөн айлык алгандар дагы бар.

«Мен жана дагы 100дөй кесиптешим он күндөн бери Өндүрүш Банкынын филиалынан айлыктарыбызды ала албай жатабыз. Акча түшкөндө чалабыз дешип, бирок чалышпайт. Күн сайын ушундай окуя кайталанууда», — деди Пушкин атындагы орусиялык мектептин мугалими.

Бир банктын кызматкери ЖМК берген маалыматында, кырдаал Түркмөнстанда чет өлкөлүк валютанын азайгандыгынан келип чыкандыгын билдирген. Маалыматты азырынча бийлик өкүлдөрү тастыктай, же четке кага элек.

Эң көп окулган жаңылыктар