22:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда жаштык курагын 30га чейин көтөрүү сунушталууда

Кыргызстанда жаштык курагын 30га чейин көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, жаштык куракты 14төн 30га чейин белгилөө сунушталууда.

«2000-жылга чейин жаштык 35ке чейин болчу. 2009-жылы аны 28 жашка түшүргөн. Көпчүлүк өлкөлөрдө жаштардын курагы 35ке чейин», — деди министрдин орун басары.

Депутаттар Конституцияда жана Шайлоо кодексинде 16-35 жаш белгиленгендиктер мыйзамдолбоорун дагы ушуга ылайыктоону тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар