03:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ыктыярчылар көчөдө эсин жоготкон эркек кишинин өмүрүн сактап калышты

Ыктыярчылар дем жетпей, эсин жоготкон эркек кишинин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу видеону Демилгелүү жаштар борбору Instagram баракчасына жарыялады. 

Видеодо ыктыярчылар бейтапты кычкылтек концентратору менен дем алдырып жаткандарын байкоого болот. 

Окуя кечээ түнү Бишкектеги көчөлөрдүн биринде болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, бейтап киши өзүн жаман сезип, көчөдө эсин жоготкон. Ал эми жолдон өтүп бара жаткандар Демилгелүү жаштар борборунда иштеген ыктыярчыларга чалышкан. Алар дароо кычкылтек концентратору менен келишип, бейтапты аппаратка туташтырууга үлгүрүшкөн. 

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар