06:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Жаштарды өнүктүрүү институту» республикалык «Өзгөрүүлөр кербенин» өткөрөт

14-октябрдан тарта «Жаштарды өнүктүрүү институту» республикалык «Өзгөрүүлөр кербенин» өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. 

Өзгөрүүлөр кербени- бул жаш тренерлерден турган жаштар кербени, алардын максаты- Кыргызстандын жети облусунун орто мектептеринде жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын мотивациялык жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүүнүн аркасында алардын лидерлерлик сапатын жогорулатуу менен эле бирге өз алдынчалыкка үйрөтүү болуп саналат.

Кербендин өзгөчөлүгү- көп сандагы жаштардын башын бириктирип эле тим болбостон, кербенге катышкан жаш лидерлердин жана тренерлердин ар түрдүү маданият менен тааныша алуусунда.

Жаш тренерлер жана активисттер мотивациялык жолугушууларды өткөрүү менен жаштарга үлгү болуп, аларга дем- күч берип, коомдук пайдалуу иш-аракеттерге тартат.

Жолугушуулардын алкагында ээ болгон маалыматтардын негизинде орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүшөт жана жаш лидерлер коомчулугунун өкүлү болууга мүмкүнчүлүк алышат.

Өзгөрүүлөр кербенинин негизи максаты -жергиликтүү аймактагы жаштарды социалдык- экономикалык процесстерге катышуу үчүн колдо бар куралдар, ыкмалар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылуу, жаран катары өз коомчулугуна аралашуусу үчүн турмуштук көндүмдөрүн ( медиа сабаттуулугун) жогорулатуу. Иш-чара 23-октябрга чейин уланат.

ϴлкөнүн орто мектеп жана жогорку окуу жайларынан 5 миңден ашуун жаштардын долбоорго катышуусу күтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума