03:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп. Жаштар радикалдуу топтордун торуна тез түшөт

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Эмне үчүн көбүнчө жаштар диндин фанаты болуп кетишет? Менин Россияда иштеген туугандарым православдык эмес, ислам өлкөсүнө барып иштеп келгендей түр калтырат. Кийген кийими да өзгөрүп, дин боюнча эскертүү, же бир аз башка сөзгө сүйлөп койсок эле кыжыры келип баштайт. Эч бир сынды уккусу жок.

Жооп: Радикалдашуунун биринчи себеби — саясый, үй-бүлөлүк, социалдык жана экономикалык ахыбал. Айрыкча экономикалык кырдаал чоң рол ойнот. Чет жактагы мекендештердин экстремисттик жана радикалдык топтордун торуна алышыны дагы түшүнүктүү. Анткени миграциядагылардын көпчүлүгү билимсиз жана жаш. Салттуу ислам дини боюнча түшүнүгү жок.

Анүстүнө чтет жакта акчасы жок, айрымдары тилди жакшы билбей өзүнүн айланасындагылар менен гана сүйлөшүүгө, мечиттерде күн өткөрүүгө аргасыз. Диний радикалдуу топтор так ушундай адамдарды издейт.

Ал эми жаштардын динге берилгенин себеби көп. Ага идеологиялык жана башка жашоо маңызынын жоктугу дагы түрткү болот.

Эң көп окулган жаңылыктар