12:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Премьер-министр жаштардын демилгелерин колдоо программасына кол койду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саясый элитанын жаңы мууну менен жаштардын демилгелерин колдоо программасын талкууга алды. Жолугушуу мамлекеттик резиденцияда бейформал чөйрөдө өттү.

Андан мурда, 10-августта Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин командасындагы жаштар менен маектешип, бир катар актуалдуу маселелерди ортого салган. Ага катышкандар иштеген мекемесине жараша эмес, жаш курагына жана кесиптик деңгээлине карата чакырылган.

Албетте, саясатчынын жаш курагынын өлчөмү өзгөчөлөнөт. Алар спортсмендер сыяктуу эрте жаштыгында эле күрөшө баштабайт. Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп 70ке чыкса дагы карыган болуп эсептелбейт. Премьер-министр менен жолугушууда эң жашы мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев (31 жаш) болду. Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары — Аида Касымалиева, Элвира Сурабалдиева, Дастан Бекешев жана башкалар катышты.

Бейформал сүйлөшүү болду. Сөз башында Сооронбай Жээнбеков жаш ишкерлердин форумуна катышкандыгы тууралуу айтып берди.

«Алар өздөрүнүн маселеси качан чечилерин күтүп олтурбай, инвестор издеп, ойлонуп, сунуштап жатышат!»  — деди Сооронбай Шарипович.

Жолугушууда жаштар демилгесин жана жаш ишкерлерди колдоо суроосу коюлду. «Мен Кыргызстанга инвестициялайм!» долбоорунун жана «Келдике» брендинин автору Чыңгыз Макешов

«Биздин бүгүн бейформал чөйрөдө өз көйгөлөрүбүздү талкууга алганыбыз абдан туура демилге. Менин оюмча, башкы темалардын бири — башкаруу аппаратын алмаштыруу. Азыр совет мезгилинде билим, тажрыйба алгандардын көпчүлүгү пенсияга кетип жатат. Албетте бир тобу дагы иштей берет. Бирок, биз бир нече жылга алдыга карашыбыз керек. Башкарууга Кыргызстандын жаңы мууну келет. Биз аларга азыркы өлкөдө ордун табууга кантип жардам беребиз? Бул суроого азыр жооп издеш керек.

Өз тажрыйбамдын негизинде карылар да, жаштар да, деги баардык курактагы кызматкерлер топтолгон ишкана натыйжалуу иштейт. Тажрыйба менен жаш күч-кубатты айкалыштыруу — бул жигердүү иштин ачкычы» — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү Адистердин улуттук резерви түзүлө башталарын кабарлады. Ага келечектүү жаш адистер киргизилет.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен бийликтин жогорку эшалонунда жаш адистер пайда болду. Мен сиздердин ар бириңиздерди баалайм жана келечекте бир команда болуп иштеше алабыз деп ойлойм. Мамлекеттик башкаруунун төмөнкү тепкичтеринде дагы жаштар көп. Алар иштеп тажрыйба топтошууда. Кийин жогорку кызматка көрсөтүлүү мүмкүнчүлүгү бар. Анткен башкаруу тутумунун орто бөлүгүндө жаш адистер аз. Мисалы, билим берүүнүн райондук бөлүмүн канча жетекчиси жаш? Бирөө гана»-  деди премьер-министр. 

Жолугушуунун аягында Эльвира Сурабалдиева өз оюн билдирди.

«Жогорку Кеңештеги жаштарга бир команда болуп топтолуп, максаттарыбызды так аныктоо гана жетишпейт. Жолугушууда бир команда экенибизди сезе алдык» — деди ал.

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков Кыргызстандын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзгөндүктөн, билимдүү жаш адистерсиз өлкө өнүгө албастыгын билдирди. Ал Сооронбай Жээнбеков менен мындан ары баары биргеликте кызматташууну улантаарына ишеним артты.

Эң көп окулган жаңылыктар