12:02
USD 87.45
EUR 101.81
RUB 1.20

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк 18-майда саат 20:25те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Бабаш-Ата кырка тоосунун аймагында — Арсланбаб айылынан 14 чакырым батыш тарапта, Сары-Бээ айылынан 20 чакырым түндүк-чыгышта жана Майлуу-Суу шаарынан 48 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан.

Жер астындагы силкинүүнүн күчү Арсланбоб, Жай-Терек, Үч-Булак жана Сары-Бээ айылдарында 2,5 баллды түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар