Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстанда дагы бир жер титирөөнү каттады.
Институттун маалыматы боюнча, бүгүн, 8-майда саат 10:06да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында, Эркечтам айылынан түштүк-чыгышты көздөй 8 чакырым, Нура айылынан түндүк-чыгышты көздөй 9 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 140 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Эркечтам жана Нура айылдарында — 3 балл, Икизяк айылында — 2,5 балл, Көк-Суу айылында — 2 баллга жеткен.
Эскерте кетсек, кечээ өлкөнүн түштүгүндө да жер титирөө болгон.

