12:02
USD 87.45
EUR 101.81
RUB 1.20

Бишкекте спорт комплексинин аймагындагы 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорттук комплекстин аймагында жайгашкан, жалпы аянты 174,6 чарчы метрди түзгөн сүзүүчү бассейндин көмөкчү имараттары жеке тарапка мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгы менен баасы 32 миллион 840 миң сомду түзгөн жогоруда көрсөтүлгөн объект мамлекетке кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар