12:15
USD 87.45
EUR 101.81
RUB 1.20

Бишкектин Свердлов районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Министрлер Кабинети ири индустриалдык-логистикалык борбордун курулушу үчүн борбор калаанын аймагындагы жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул демилге шаардын өнөр жай жана логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү көздөйт.

Документке ылайык, Свердлов районунда жайгашкан жана жеке менчикте турган жалпы аянты 1 гектарды түзгөн сугат айдоо жер тилкеси трансформацияланды. Бул жер үлүшү «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоочулук жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулду.

Бишкек мэриясына бул долбоорду ишке ашыруу жана бөлүнгөн аймактын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө боюнча бир катар милдеттенмелер жүктөлдү. Шаар бийлиги жерди эсепке алуу документтерине зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана иштин жүрүшүнө катуу көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү.

Токтомдо экологияга жана мурастарды сактоого өзгөчө көңүл бурулган. Долбоор айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо менен ишке ашырылууга тийиш, ал эми жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, алар милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар