12:24
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Максат Алымбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Максат Алымбековго өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Ал 11-майда өз арызы менен депутаттык мандатын тапшырган Темирлан Айтиевдин ордуна келди. Айтиев 2025-жылы ноябрда № 20 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Эң көп окулган жаңылыктар