Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 10-майда саат 20:54тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Жетим кырка тоосунун аймагында, тактап айтканда, Узун-Булак айылынан түштүк-чыгышты көздөй 10 чакырым, Арчалы айылынан түштүк-батышты көздөй 14 чакырым жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 65 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.

