КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери Токтогул районунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна баңги каражаттарын ташуу жана таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.
Ички иштер министрлигин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, шектүү катары үч жаран кармалган: 1983-жылы туулган Ж.З.И., 1981-жылы туулган М.М.Б. жана 1983-жылы туулган И.А.К. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
Тергөө амалдарынын маалыматына ылайык, шектүүлөр борбор калаанын жана Чүй облусунун аймагында андан ары таратуу максатында баңгизаттарды жеткирүүнүн туруктуу каналын уюштурушкан. Учурда иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү оор кылмыш болуп саналаарын жана кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

