Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде 20-апрелден 30-апрелге чейин транспорттун кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайынын 130-чакырымында күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.
Айдоочулардан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамды алдын ала пландап, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону суранышат.

