05:40
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жапониялык Наоки Нихей: Этникалык кыргыздар жапондорго окшош

Жапониялык Наоки Нихей 15 жыл бою Токиодогу Эл аралык байланыш Жапон агенттигинде, кийин Ташкенттеги филиалында иштеген. Өзбекстандан АКШга ПРООНдук штаб-квартирасында иштөө үчүн кеткен.

Кийин 2017-жылдын январында Бишкекке келди. Ташкентте иштеп кеткенден кийин ал Борбор Азияга кызыгуусу артып, аймакка кайра келүүнү чечкен болчу. Кокустан эле Бишкектеги БУУнун кеңсесине кызматкер талап кылынып, ал бул кызматка илинип калган. 

Наоки Нихей 24.kg агенттигине Бишкек биринчи келген күндөн тарта кандай өзгөргөнүн айтып берди.

-Сизди Кыргызстанда эмнелер таң калтырды?

-Кыргызстанга көчүп келээрден мурда Бишкекте бир канча жолу болгонмун. Алгачкы жолу Ташкенттен 2010-жылы келгем. Андан бери шаар аябай өзгөрүүгө дуушар болду. Көп дүкөндөр, турак-жайлар салынды.

Этникалык кыргыздар тууралуу айта турган болсом, алар жапондорго окшош.

Менин көптөгөн кыргыз досторум бар, алар Жапонияда жашап, окуп, жапон тилинде эркин сүйлөшөт.

— Бишкек менен сиздин туулуп өскөн шаарыңызда окшоштуктар бар бекен?

— Сибата- Жапониядагы 100 миң кишиси бар чакан шаар. Айыл чарбага негизделген талаалар, тоолор бар. Бишкекте жакын жайгашкан тоолор үйүмдү эстетет.

— Кыргызстанда сизге эмнелер жетишпейт?

— Мен Жапонияны анча деле сагынбайм. Борбор Азияда Ташкентте жашап келгенимди кошкондо 5 жылдан бери турам. Бишкекте убакытты өткөрө турган жайлар көп, четинен тандап алам. Бул жакта жапон ашканаларына да барып турам.

— Жергиликтүү тамак-аш жактыбы?

— Мага лагман жакты. Ал жапондордун тамагына окшошуп кетет. Шишкебек дагы мен сүйүп жей турган тамактардан. Ал эми козу гриллди сүрөтүн гана көргөнүм болбосо, жеп көргөн эмесмин.

— Бишкекте кайсы жайларда эс алганды жактырасыз?

— Мен «Спартак» стадионунда футбол көргөндү жактырам. Ал жакта жапониялык машыктыруучу менен бирге чуркаган учурлар болот.

-Сизге жакпаган көрүнүштөр болдубу?

— Мен четте жүргөндө капаланбаганга аракеттенем.

Эң көп окулган жаңылыктар