USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Прокуратураны сындаган эки депутат суракка чакырылды

09:30, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев 30-ноябрда Башкы прокуратурада суракта болушту. Бул маалыматты «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов ырастап, алар парламенттин жыйынында айткандарын текшерүү үчүн суракка чакырылганын билдирди.

Парламенттин шаршемби күнкү жалпы жыйынында депутат Атазов «каржы пирамидаларынын» көз боёмочулугу тууралуу маселе көтөрүп, алдамчы топторду «прокуратура жана милиция органдары калкалап» жатканын, алдамчыларга акчасын, жерин алдырып койгондор арызданса, «прокуратура токтотуп коюп жатканын» айткан.

Депутат Токторбаев прокуратурада коррупция «абдан күчөгөнүн», «элдин арасында жакшы сөз жок» экенин билдирген.

«Шайлоочуларым кайрылышты, бир беренеден башка беренеге өзгөртүп коюш үчүн (кылмыш ишин — ред.) прокуратура кызматкерлери 10 миң доллар сурап жатат дейт. Прокуратурага тергөө киргенден кийин булар абдан монстрга айланып кетишти», — деген депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика