00:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ирандын президенти Садыр Жапаровду Тегеранга чакырды

Иран президенти Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын жыйынтыгында түрдүү — мамлекеттик, аймактык, ведомстволор аралык, өкмөттүк жана жеке деңгээлдеги кызматташуу боюнча 120дан ашык документтерге кол коюлду. Жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулар жана үзгүлтүксүз өз ара консультациялар бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары да кеңейтип, эки дос элдин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча негизги чараларды көрүүгө алып келери шексиз», — деп айтылат куттуктоо катында.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырып, ага ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар