04:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган президенттин инаугурациясына чакырылды

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Айтымында иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева жана мамлекет башчылыкка ат салышкан талапкерлер да ант берүү аземине чакырылган.

Жээнбеков өлкөнү үч жыл башкарган соң 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин отставкага кеткен. Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жээнбековдун статусу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда экс-президентке мыйзам тарабынан каралган бардык ченемдер сакталары жазылган.

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров жеңишке жеткен.

Инаугурация 28-январь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар