10:20
USD 84.66
EUR 100.96
RUB 1.17

Бишкекте 792 баатыр эне жашайт

Бишкекте 792 баатыр эне жашайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.

Маалыматка караганда, 539 эне «Баатыр эне» ордени, 253 — «Эне даңкы» менен сыйланган.

Бүгүн Энелер күнүнө карата Бишкек шаарында жашаган айрым көп балалуу аялдарга 5 миң сомдон сыйлык ыйгарылды.

Белгилей кетсек, май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында «Энелер күнү» белгиленет. Бул тууралу жарлыкка 2012-жылы кол коюлган. Кыргызстанда жалпысынан 25 миңден ашык баатыр эне бар.

Эң көп окулган жаңылыктар