11:16
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленет

1995-жылы ЮНЕСКОнун резолюциясынын негизинде 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп жарыяланган.

Бул күн дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктердин көзү өткөн күнү.

Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар