10:25
USD 87.43
EUR 102.75
RUB 1.17

«Улуулукка мамиле» аттуу руханий кербен өтөт

Улуттук рухту ойготуп, улуулукка болгон мамилени даңазалаган өзгөчө руханий кербен — «Улуулукка мамиле» иш-чарасы Ысык- Көлдө өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 27—28-апрелинде кербен Ысык-Көл облусунун 2 шаары жана 5 районун камтып, кеңири маданий программа менен өтөт. Иш-чаралардын алкагында көрүүчүлөрдү таасирдүү жолугушуулар, Манас айтуу, маданий көрсөтүүлөр жана мазмундуу баарлашуулар күтөт.

Бул кербен Кыргызстанда кабыл алынган «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан биргеликте өткөрүлүп, кыргыз элинин бай тарыхын, каада-салттарын жана руханий мурасын кеңири жайылтууну көздөйт.

Белгилей кетсек, «Улуулукка мамиле» кербени — улуттук баалуулуктарды даңазалаган, муундар ортосундагы байланышты бекемдеген жана жүрөктөн жүрөккө жеткен улуу руханий сапар болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар