09:54
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалы өтөт

23—24-апрель күндөрү Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналат. Фестивалдын негизги максаты — улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.

Фестивалга Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн акын-жазуучулар, басмаканалардын өкүлдөрү, ошондой эле маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери катышат. Мындан тышкары, Кыргызстандын бардык аймактарынан — республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү да катышат.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөрү,белгилүү акын-жазуучулар менен жолугушуулар, концерттик программалар, адабий конкурстар ,театрлаштырылган оюн-зооктор, китеп окууну жайылткан интерактивдүү иш-чаралар уюштурулат

Ошондой эле китеп жумалыгынын алкагында республика боюнча бардык деңгээлдеги китепканаларда параллелдүү түрдө китеп фестивалдары жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар