13:53
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.07

Чүй облусунда баңгизат сатууга шектүү кармалды

Чүй облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 10-декабрында Сокулук РИИБге Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында афган тектүү кишинин баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы
Фото Чүй облустук ИИББнин басма сөз кызматы. Баңгизат сатууга шектүү кармалды

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө «А» аттуу жаран «чарс» баңгизатын 1500 сомго мыйзамсыз сатканы аныкталган. Алынган зат эксперттердин корутундусуна ылайык, «каннабис чайыры» (гашиш) экени тастыкталды.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1968-жылы туулган А.А. болуп чыкты. Тергөө учурунда анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 40 граммды түзгөн ушул сыяктуу баңгизат — кара куурай чайыры (гашиш) табылып, алынган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар