09:01
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Сокулук районунда 72 жаштагы киши адам өлтүрүүгө шек саналып кармалды

Сокулукта эркек киши мас абалында урушуп, 71 жаштагы айылдашын өлтүрүп алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда Сокулук райондук милициясына Совхоз-Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринен 71 жаштагы адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда анын денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы
Фото Чүй облустук ички иштер башкармалыгы. Шектүү

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза тапкан жаран үйүндө айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отурганда чыр чыкканы, 72 жаштагы Н.Э. аттуу адам айылдашынын денесине залал келтирип, кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнү кармалган.

Бүгүнкү күндө тергөө иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар