Эртең, 27-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +1... +6;
Талас жергесинде түнкүсүн −4... +1, күндүз +1... +6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +8... +13;
Нарын аймагында түнкүсүн −6... −11, күндүз −6.. −11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... −5, күндүз +2... +7;
Бишкек шаарында түнкүсүн −1... +1, күндүз +8... +10 градус.

