10:01
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Бүгүн IV Элдик курултайдын экинчи күнү уланат

Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултайдын экинчи күнү уланат.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышат. Мындан тышкары иш-чарага чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин жана диний конфессиялардын өкүлдөрү да чакырылган.

Түз эфир УТРКнын эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Түз алып көрсөтүү 26-декабрда саат 10:00дө башталат.

Эске салсак, кечээ элдик курултайдын биринчи күнүндө болжол менен 150 делегаттар сөз сүйлөштү. Алар унаа жолдорун оңдоо жана куруу, суу менен камсыздоо объекттерин жана социалдык мекемелерди жаңылоо, ошондой эле аймактарда жеткиликтүү турак жай куруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.

Эң көп окулган жаңылыктар