15:47
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Элдик Курултай делегаттарынын сунуштарынын аткаруу көрсөткүчү 71 пайызга жетти

Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев делегаттардан келип түшкөн суроо-талаптардын санын жана алардын кандайча ишке ашырылып жатканын билдирди.

«2023-2024-жылдары биз Элдик Курултайдын делегаттарынын 5900 суроо-талабын иштеп чыктык. Бардык министрликтер, агенттиктер жана жергиликтүү бийлик органдары менен 3026 суроо-талапты карап, 71 пайыздык аткарууга жетиштик. Бул жакшы көрсөткүч», — деди ал.

Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, өткөн жылы Курултайдан кийин болжол менен 2500 суроо-талап келип түшкөн. Алардын 500дөн ашыгы Министрлер кабинетине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлгөн. Көптөгөн делегаттар өз суроо-талаптарына жооп алышкан.

Ал бардык суроо-талаптарды жана сунуштарды алты гана эксперт карай турганын, бул олуттуу жумуш экенин кошумчалап, делегаттардан кыска жана так сүйлөөнү суранды.

Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан IV Элдик Курултай өз ишин баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-декабрь, бейшемби