21:50
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Бишкекте күн ысык болот. 24-27-июлга карата аба ырайы

Синоптиктер Бишкекте аптанын экинчи жарымында аба ырайы кандай болорун айтышты.

24-июлда күн ачык болуп, түнкүсүн +21 градус жылуу болорун айтышууда. Күндүз аба +37 градуска чейин жылыйт.

25-26-июлда аба ырайы кескин өзгөрбөйт. Түнкүсүн +20 градус, күндүз термометрдин көрсөткүчү +37 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

27-июлда ала булут каптап турат. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +21 градус болот. Күндүз +38 градус жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар