12:49
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Дастан Бекешев унааларды мажбурлап эвакуациялоо бизнесин токтотууга чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев унааларды мажбурлап эвакуациялоо бизнесин жокко чыгарууну талап кылды.

Анын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери жол кыймылына эч кандай тоскоолдук болбогон учурда да унааларды эвакуациялайт. Мындан улам жарандардан көптөгөн кайрылуулар, даттануулар түшкөнүн айтты.

«Эки чакырым жерден сүйрөтүп кетишет экен дагы, эвакуатор кызматы үчүн 2000 сомдон алышат экен. Бул тарифти ким койгон? Антимонополия бул маселени карашы керек. Ага кошумча айдоочулар айып пул да төлөшөт. Бул аз келгенсип сүйрөтүп бараткан учурда унаалар бузулуп жатканын да айдоочулар айтып нааразы болууда. Андыктан эвакуацияны жокко чыгаруу керек», -деди Дастан Бекешев.

Эл өкүлү айдоочу унаа токтотууда эржени бузган учурда башкача чара көрүлүүсүн сунуштады. «Андан көрө инспекторлор унааларга айып пул кагазын чаптап коюшсун. Айып пулдун көлөмүн 300 сом эмес, эки эсе 600 сомго көтөрөлү. Буга айдоочулар да макул болуп жатышат», — деп билдирди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар