Жалал-Абад облусундагы Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Аксы райондорунда жана Таш-Көмүр шаарында жалпы суммасы 2 миллиард сомдон ашык болгон 12 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Сузак району
Мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен, «Жума базары» базары, жалпы пайдалануудагы жерлерге тиешелүү 1,65 га жер тилкеси менен, ал жерде менчик ээлери тиешелүү инфраструктурасы жок соода жайларын стихиялуу соодагерлерге ижарага беришкен, бул жергиликтүү тургундардын тыгынына жана нааразычылыгына алып келген. Учурда бул жер тилкеге жергиликтүү бийлик органдары тарабынан заманбап муниципалдык базардын курулушу башталды;
Базар-Коргон району
Базар-Коргон районунда 2,8 гектар жер тилкеси менен чарбалар аралык курулуш уюмунун жана 1,8 гектар жер тилкеси менен «Бабур» кооперативинин имараттары жана курулуштары жеке менчикке мыйзамсыз өткөн. Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча аталган жер тилкелерине үйлөрдүн курулушу башталды.
Ала-Бука району
Райондо 1,3 гектар жер тилкеси менен оңдоо-техникалык ишкананын аймагы мыйзамсыз жеке менчикке өткөн. Көрсөтүлгөн жерге Чек ара кызматынын аскер бөлүгүн куруу пландалууда.
Аксы району
Автотранспорт ишканасынын аймагы 2 га жер тилкеси, Кербен шаардык мэриясынын гараждары 1,4 га жер тилкеси, питомник 1 га жер тилкеси. Ошондой эле Кербен стадионунун аймагынан жеке турак-жай жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн мыйзамсыз берилген 0,2 гектар жер тилкелери кайтарылды. Учурда бул жерде ФИФАнын стандарттары боюнча заманбап футболдук стадион үчүн курулуш иштери жүрүп жатат.
Таш-Көмүр шаары
Шаардагы «Кристалл» заводунун аймагындагы 1,5 гектар жер. Көрсөтүлгөн жер тилкесинде курулуш материалдарын чыгаруучу өндүрүш ишканаларын куруу пландаштырылууда.