10:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абадда өткөн сулуулар сынагында 60 жаштагы аял жеңүүчү болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өткөн сулуулар сынагында 60 жаштагы аял жеңүүчү болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

«Ажарлуу айым-2018» сынагына 11 аял катышкан. Алар өздөрүнүн ар тараптуу таланттарын тартуулап, 6 тапшырма аткарган.

Жыйынтыгында биринчи орунду Ленин айылдык аймагынын тургуну, 60 жаштагы Махабат Токторбаева багындырган. Эми ал сынактын облустук туруна катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар