17:02
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Токтогулда мугалим мектеп окуучусун сабаганы үчүн айыпталууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылынын мурдагы дене тарбия мугалими жетинчи класстын окуучусун ургандыгы үчүн айыпталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-апрелде жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Арызда ошол күнү, болжол менен саат 19:00 чамасында анын 2005-жылы туулган уулун Эсенбек аттуу жаран себепсиз ур-токмокко алганы жазылган.

Балын сабоо боюнча 1986-жылы туулган С. Эсенбек аттуу мурдагы дене-тарбия мугалими айыпталууда. Ал талма оорусунан улам 2012-жылы мугалимдиктен бошотулган.

Экспертиза бала жеңил жарат алганын аныктап, ал ооруканага жаткырылган. Ал эми мугалимге карата «Бейташтык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар