17:59
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Сузак жер көчкү кайрадан активдешти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү кайрадан активдешти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, топурак сүрүлүп түшүп, кайрадан суунун нугун бөгөп калган. Учурда топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агууда. ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу абалды көзөмөлдөп жатат.

Эскерте кетсе, 29-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл аймагынын Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясын 48 000м3 жер көчкү бөгөп калган. Топтолгон суу жер көчкүнү жиреп, акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. Бирок, 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү кайрадан активдешкен.

Эң көп окулган жаңылыктар