16:08
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Сауд Арабиядан 3 жаран менен бирге 144 адам учуп келген

Коронавируска чалдыккан 3 жаран менен бирге бир учакта 144 жүргүнчү учуп келген. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Сауд Арабиядан келген жарандардын баары карантинге алынып, анализ тапшырышты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ооруканасында учурда 6 бейтап жатат, алардын үчөөнөн коронавирус аныкталган, ал эми калган үчөөнүн дене табы көтөрүлүп дарыланышууда. Калгандары анализ тапшырышып коронавирус аныкталган жок.

«Кичи ажылыктан келгендердин баары табылды, аларды көзөмөлгө алдык. Алардын баардыгы жергиликтүү ооруканаларда обсервацияга алынды. Кечээ, ыкчам изилдөөлөр боюнча 135 болчу, өздүктөрү такталгандан кийин алар 144 жаран болгону маалым болду. 142 адам обсервацияда, ал эми 2 жаран Өзбекстанга чыгып кетишкен. Биз алар менен Тышкы иштер министрлиги аркылуу байланыштык», — дейт министр Космосбек Чолпонбаев.

Эске сала кетсек, Сузакта Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендердин ичинен коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар