USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Камчыбек Ташиев кыргыз балбаны Орозобек Токтомамбетовго унаа белек кылды

08:30, 09 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз балбаны Орозобек Токтомамбетовго Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу спортчунун күйөрмандары Instagram баракчасына билдиришти.

Камчыбек Ташиев кыргыз күрөш мектебинин өкүлүнө ыраазычылык билдирип, бул белек олимпиадага даярданууга жакшы түрткү болорун белгиледи.

Эске салсак, Орозобек Токтомамбетов 23 жашта. Ал эркин күрөш боюнча 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. 2025-жылдын март айында Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Мурдараак маалымдалгандай, Орозобек Токтомамбетов Монголияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Ulaanbaatar Open рейтингдик турниринде 74 кг салмакта коло байгеге ээ болгон. Ал Монголиянын өкүлүн жеңип, бирок Ирандын спортчусуна утулуп калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика