USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түндүк Корея командасы менен беттешет

08:30, 05 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Корея курамасына каршы ойнойт. Оюн Эр-Риядда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, футбол сүйүүчүлөрү үчүн «Ала-Тоо» аянтында атайын фан-зона уюштурулат. Ал жерде көптөгөн кызыктар орун алат.

Фан-зона саат 19:00дө башталса, оюн саат 00:15 башталат.

Фан-зоонада эмнелер болот?

1. Балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар

2. Интерактивдүү зоналар жана оюндар

3. Футболдук клубдар жана мектептердин жарманкеси — жакындан таанышып спорттук машыгууларга катталсаңыз болот

4. Сүйүктүү артисттер жана алып баруучулар

5. Чоң экран аркылуу беттештин түз алып берүүсү

6. Даамдуу тамактары менен фудкорттор

7. Ардактуу конок катары белгилүү футболчулар жана машыктыруучулар

8. Балдар үчүн атайын зона: Legend Kids, Minecraft Shoro

9. Кызыктуу фотозоналар жана мерчтер

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18