Эртең, 8-майда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +30...+35;
Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +29...+34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11; күндүз +25...+27;
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +15... +17, күндүз +33... +35 градус ысык болот.