Апта соңунда Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
8-май күн ачык. Күндүз абанын температурасы +35 градус болот. Түнкүсүн термометр +15 градуска чейин төмөндөйт.
9-майда абанын температурасы түнкүсүн +16 градуска чейин жетип, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, абанын температурасы +29 градуска чейин ысышы күтүлөт.
10-11-майда да жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн суук болуп, +14 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +27 градуска чейин жылуу болот.