USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Порттогу жарылуу. Кыргызстандын президенти Иран лидерине көңүл айтты

09:30, 28 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика