USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

УКМК Бакай-Ата районунун акимин кармалды

15:11, 17 марта 2025, Бишкек - 24.kg

Таласта Бакай-Ата районунун акими айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз трансформациялаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун кызмат адамдары тарабынан 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сыйлык үчүн 163 айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясы) трансформацияланбаган жалпы аянты 95,9 га жер тилкелерин жеке менчикке жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аныктады.

Тергөө иштеринин жыйынтыгында бул кылмышка Бакай — Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким И.А.Т.нын тиешеси бар экени аныкталып, ал үстүбүздөгү жылдын 11-мартында кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика