02:48
USD 87.32
EUR 99.37
RUB 1.05

Ысык-Көл районундагы «Бар-Булак» пансионаты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан 2,3 га жер тилкеси бар «Бар-Булак» пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пансионат 2005-жылы Соцфонддун Тоң филиалына карызын төлөө үчүн мыйзамсыз берилген. Атайын кызмат көрсөткөндөй мүлктү өткөрүп берүү пансионат алардын балансында болбосо да, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

«2006-жылдын 20-декабрында сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран пансионатты Соцфонддун Тоң бөлүмүнөн 2 млн 542 миң 740 сомго сатып алган жана бул процесс мамлекеттик каттоодон өтүп, Б.Ж. жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган. Бирок 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык соту Ак-Терек айыл өкмөтү менен Соцфонддун Тоң бөлүмүнүн ортосундагы бүтүмдү жараксыз деп тапкан. Буга байланыштуу Б.Ж.га акчасы кайтарылган, ал эми жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тиешелүү түрдө жокко чыгарылган эмес. Б.Ж. 2006-жылдан тартып бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланган жана мүлктү легалдаштыруу максатында документтерди жасалмалап, 2016-жылы насыя алган жана пансионатты «Айыл Банкка» салган. Мындан улам Б.Ж. документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча шектелип, кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, «Бар-Булак» пансионатын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке өткөрүп берген.», — деп айтылат расмий маалыматта

Учурда мүлк баалоо экспертизасынан өтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар