20:22
USD 86.66
EUR 93.75
RUB 1.03

Орозо −2025: Мааниси жана эрежелери

Кыргызстанда быйыл Рамазан айы 1-мартта башталат. 30 күн бою мусулмандар орозо кармайт. Орозо — бул мусулмандардын Рамазан айында аткара турган ибадаттарынын бири. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт.

Орозо — Ислам дининин чоң ибадаттарынын бири. Анын өзүнүн эреже-шаттары бар. Эгер Шариат көрсөткөн тартипте орозо кармалса — ал кабыл болот, мына ошондо ага сооп жазылат. Бул эрежелерди болушунча бир макалага чогултуп, назарыңыздарга берүүгө аракет кылдык. Бардык мактоолор Аллахка болсун, Ал гана бардык ийгилик Ээси!

Орозо деген эмне?

Орозо — Жаратканга сыйынуунун бир түрү, Исламдын негизги беш түркүгүнүн төртүнчүсү. Бул ибадатта таң аткандан баштап күн батканга чейин тамак-суу ичүүдөн, жыныстык мамилеге баруудан же башка оозду ачып жиберчү себептерден пенде сактанат.

Орозонун мааниси — такыбалыкты күчөтүү, Аллахка болгон берилүүнү чыңдоо, ачкалыкты сезип кедей-кембагалдардын абалын түшүнүү, напсини башкарганга үйрөнүү. Ошондой эле орозо адамдын ден-соолугун чыңайт, иммунитетин көтөрөт. Адамга аба, суу, тамак кандай керек болсо, орозо да ошондой эле керек.

— Орозо кармай турган адам мусулман, акыл-эси жайында, балиг (жашы жеткен) болушу керек. Орозо кармоого физикалык жактан күчү жетиши кажет. Сапарда болбошу зарыл. Сапарда жүргөн адамга уруксат берилет, ал кийин кармайт.

— Көпчүлүк адамдар орозо кармаганда шилекейин жутуп алса орозо бузулбайбы деп сурашат. Шилекейди жутуу орозону бузбайт. Бирок, атайылап оозго көп топтоп туруп жутуу максаттуу иш болгондуктан, муну кылбоо сунушталат.

— Тиш тазалоого уруксат берилет. Тиш пастасын колдонсо болот, бирок аны жутуп жиберүүдөн этият болуу керек. Оозду чайкоого уруксат берилет, мында да сууну жутуп жибербөө керек. Орозо учурунда тиш доктурга барса болот. Бирок дары же суу жутуп албоо маанилүү.

— Кээде уктап калып, өз убагында ооз бекитпей калган учурлар болот. Таң атканын билбей калып тамактанып алса, орозосу жарактуу эмес болуп калат. Бирок ниет кылган болсо, калган убакытта тамактануудан баш тартып, орозосун улантып, кийин ошол күндү каза кылышы керек. Ошондуктан ооз жабуу жана ачуу белгиленген убакытта аткарылышы керек. Эрте ооз жабуу да, кечирээк ооз ачуу да максаттуу түрдө болбошу керек. Эгер адам унутуп тамак жеп же суу ичип алса, орозосу бузулбайт. Бирок эстегенде дароо токтотушу керек. Тамеки тартуу да орозону бузат.

— Ооруп калып, айыкканда орозо кармашы керекпи деген да суроолор жаралат. Эгер адам ооруп калса жана орозо кармоого кудурети жетпесе, айыккан соң каза орозолорун толуктап кармап берет.

— Жол жүргөн кишиге орозосун ачууга уруксат берилет. Бирок орозо кармай алса, улантса жакшы. Эгер ачып койсо, кийин каза кылат.

— Бала эмизген эне өзү же баласы үчүн коркунуч жаралса, орозону кармабаса болот. Кийин ошол күндөрдү каза кылат. Кош бойлуулар тууралуу айтсак, өзүнө жана баласына зыян келтирбесе орозо кармаса болот. Болбосо, кийин каза кылып берет.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG