Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын «Concrete canvas» компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, долбоор мамлекет менен бизнестин эффективдүү өнөктөштүгүнүн үлгүсү болуп саналат.
«Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 тонна гана бул материалды колдоно алабыз, ошол эле учурда жогорку натыйжага жетишебиз, монтаждоо-реконструкциялоо ылдамдыгын бир топ жогорулатат. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп берип жатабыз», — деди Адылбек Касымалиев.
«Биз бул долбоор башка инвестициялык демилгелердин катализатору болуп каларына ишенебиз», — деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.
Ийилме бетон плита — бул орнотууну тездетет, айлана-чөйрөгө терс таасирин азайта турган инновациялык материал.